5-февралга карата аба ырайы
Эртең, 5-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…+5;
Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-10, күндүз 0…+5;
Нарын дубанында түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8;
Ал эми Бишкекте түнкүсүн -10…-12 суук, күндүз +1…+3 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.