super.kg logo

АКШда миңдеген адамдар мигранттардын депортацияланышына каршы акцияга чыгышты (видео)

 

АКШда миңдеген адамдар мигранттардын депортацияланышына нааразычылыгын билдирип, акцияга чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын окурманы видео менен бөлүштү.

Ал эми чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Түштүк Калифорнияда, анын ичинде Лос-Анжелестин борборунда миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышкан. Алар шаардагы чоң трассаны бир нече саат бою жаап салышканы айтылды. Демонстранттар мигранттардын массалык депортацияланышына жана камакка алынышына нааразы. Акыркы жумада өлкө боюнча камакка алынгандардын саны кескин өскөн. Тартип сакчылары күнүнө 1200гө чейин адамды кармашат, бул былтыркы орточо көрсөткүчтөн бир нече эсе көп.

Эске салсак, Дональд Трамп бийликке келгенден тартып, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүп, аскердик ресурстарды чек ара коопсуздугун жана депортацияларды колдоого багыттаган. Ошону менен катар АКШнын иммиграция жана бажы кызматынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктары да кеңейтилди.






АКШда миңдеген адамдар мигранттардын депортацияланышына каршы акцияга чыгышты

АКШда миңдеген адамдар мигранттардын депортацияланышына каршы акцияга чыгышты

АКШ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: