super.kg logo

Көңүл бургула! "Элкарт" шылуундардын тузагынан кантип сактанууну эскертет

 

Бүгүнкү санариптик дүйнөдө алдамчылык учурлары дагы да татаалдана баштады. Ынсапсыз адамдар белгилүү компаниялардын беделин жана ишенимин пайдаланып, өздөрүн алардын өкүлдөрү катары тааныштырууга аракет кылышат.

"Банктар аралык процессинг борбору" (БАПБ) ("Элкарт" Улуттук төлөм системасынын оператору) кызматкерлеринин маалыматтарын, тактап айтканда, компаниянын өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана фамилияларын пайдалануу менен жалган жөнөтүү фактыларына көңүлүңүздү бурат. Буга байланыштуу сиздерге абдан этият болууга кеңеш беребиз.

Алдамчылар кантип иштешет?

  • Алар компаниянын жана анын кызматкерлеринин атынан жасалма веб-сайттарды, социалдык баракчаларын түзүшөт;
  • Компаниянын өкүлдөрү катары өздөрүн көрсөтүү үчүн сүрөттөрдү жана жеке маалыматтарды колдонушат;
  • Күмөндүү шарттарда кызматтарды же келишимдерди сунушташат, алдын ала акча сурашат;
  • Компаниянын логотиби жана реквизиттери бар жалган документтерди жиберишет.

"Элкарт" УТСнын өкүлдөрү эч качан шектүү шилтемелер, мессенджерлер же башка байланыш каналдары аркылуу картанын маалыматтарын же башка жеке маалыматтарды сурабай тургандыгын эскертебиз.

Өзүңүздү жана акчаларыңызды кантип коргоого болот:

  • Эч качан шектүү шилтемелерди ачпаңыз;
  • Жеке маалыматыңызды (логиндер жана сыр сөздөр) үчүнчү жактарга бербеңиз;
  • Жеке маалыматыңызды текшерилбеген сайттарга киргизбеңиз;
  • Эгерде сизде кандайдыр бир шектенүүлөр болсо же сизди тынчсыздандырган нерсе болсо, расмий веб-сайтта көрсөтүлгөн расмий байланыш каналдары аркылуу дароо колдоо кызматына кайрылыңыз.

Акчаларыңызды сактап, текшерилген маалыматтарга гана ишенгиле!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: