super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаров Кытайга барды. Аны кантип тосуп алышты? (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барган мамлекет башчынын борту Пекин шаарындагы "Шоуду" эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Президент Жапаровду Кытайдын Турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын программасына ылайык эртең Пекинде Жапаров, Цзиньпин, ошондой эле КЭРдин мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.






Видео

Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: