Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткан жайларга рейд жүргүзүлдү (видео)
Бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Салык кызматы жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги күйүүчү майды мыйзамсыз саткан жайларда жүргүзүлгөн рейдке катышты.
Текшерүүнүн натыйжасында желим идиштерде сатылып жаткан 640 литр май алынып, 5 жаранга протокол түзүлдү. Адам өмүрүнө кооптуу болгон мындай күйүүчү май мыйзамсыз саткан сатуучулар адистерге ар кандай каршылыктарды көрсөтүшсө да, текшерүү, эскертүү иштери ӨКМ тарабынан тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз күйүүчү май сатуу канчалык кооптуу жана бул жаатта кандай чаралар көрүлүүдө? Баарын төмөндөгү видеодон көрө аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.