Швециядагы мектепте ок атышуу болуп, 10дой адам каза болду
Кечээ, 4-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00 чамасында Швециянын Эребру шаарындагы мектепте ок атышуу болуп, 10го жакын адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Атышуу тууралуу маалыматты Швециянын Юстиция министрлиги тастыктап, кырдаалды “өтө олуттуу” деп аташкан. Ал эми полициянын берген маалыматына караганда, мектептеги атышуудан кеминде 10 адам каза болуп, 15ке жакын адам жаракат алган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, мектепке бет капчан адамдар кирип келип, ок чыгарышкан.
Бийлик шаар тургундарына кайрылып, кол салуулар кайталанбай турганын жана балдарын кооптонбостон мектепке жөнөтүүгө боло турганын айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.