Абитуриенттерди ЖРТга каттоо үчүн керектелүүчү документтердин тизмеси

Маалыматка ылайык, каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жүргүзүлөт. Ал мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган мектептерде уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат.
Каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:
- паспорт (же паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
- ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция);
- талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт. Тест болжол менен 15-майдан 21-майга чейин өткөрүлөт.
ЖРТга онлайн каттоо боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: (0312) 66-48-38, (0500) 66-48-38, (0550) 66-48-38, (0222) 66-48-38.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.