super.kg logo

Нарындагы "Казан шаурма" тез татым жайы өрттөнгөн. Милиция бул окуя боюнча эки жигитти кармады (видео)

 

Нарын шаарында жайгашкан "Казан шаурма" тез татымын өрттөгөн деген шек менен 28 жаштагы эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-январь таңкы саат 05:10до аталган тез татымда өрт чыккандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Ал күнү милицияга Нарын шаарынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, таңкы саат 04:50дө белгисиз адамдар кафесинин ичине бет капчан киришип, атайын эле айнек бөтөлкөнүн ичине күйгүзүүчү затты күйгүзүп туруп ыргытып качып кетишкендигин айткан. Келтирилген чыгымдын көлөмү 2 миллион сомду түзгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу, ошол эле жосундар өрттөө же жалпыга коркунучтуу ыкма менен жасалса же ири өлчөмдө зыян келтирсе) менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдары аталган тез татымды кайра дагы атайылап өрттөө пландаштырылып жатканын аныкташкан. Натыйжада кайрадан кылмыш жасоого бөгөт коюлуп, шектүү делгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар кылган иштерин толугу менен моюнуна алышкан.

Учурда ар тараптуу иликтөө иштери жүрүүдө.






05.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: