super.kg logo
  Саясат  

Депутат мыйзамдагы 1800 метр бийиктиктеги жерлер президенкте 2000 болуп барып калганын айтты

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев эл арасында жаңы кабыл алынган Эмгек кодекси боюнча түшүнбөстүктөр жаралып жатканын белгилеп, тиешелүү министрликтин маалымат беришин талап кылды.

Ал аталган кодекске президент Садыр Жапаров январь айында кол койгонун эске салды.

"Депутаттар суранып жатып бийик тоолуу аймактарга деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктиктеги жерлерди киргиздик эле. Бүгүнкү күнү ошол президентибизге 2 миң деп барып калыптыр. Ал эмне болуп андай барып калганын такташ керек. Биз өкмөт "экинчи, үчүнчү окуудан" деп шашып алып келген ар бир мыйзамды колдооого аракет кылып жатабыз. Мындан кийин президентке мыйзамды туура эмес жеткирсеңер, анда бизге суранычыңарды айтпай да койсоңор болот. Керек болсо алып келбегиле. Мен мындан ары ошондой "шашылыш мыйзамыбыз бар" деп алып келсеңер колдобойм", - деди Түмөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: