Бишкекте мечиттерде уюмдун идеологиясын жайылткан "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрү кармалды (видео)
"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 34 жана 35 жаштагы мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар мечиттерде экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып келген, экстремисттик идеологияны жайылткан жана жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алектенип келишкен деген шек менен кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Ал эми факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шаардык милиция тинтүү иштери жүрүп, экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, телефондор табылганын, учурда бул уюмга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
05.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.