Азия оюндары: Кыргыз хоккейчилери Бахрейнди 29:0 менен утуп, рекорд жаратты (видео)
Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы коңшу Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында экинчи жеңишин камсыздады.
Бүгүн, 5-февралда кыргыз улуттук курамасы Бахрейн менен кез келип, 29:0 эсебинде жеңишке жетти.
Бул хоккей боюнча Кыргыз курамасынын тарыхындагы эң ири жеңиш болуп калды. Буга чейинки рекорд 2022-жылга таандык болчу. Анда кыргыз курамасы Малайзияны 22:0 менен уткан.
Кыргыз хоккейчилери Бахрейнди ири эсепте утту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.