Депутат Султанбекова тамашага салып жаңы министрдин атын өзгөртүүнү сунуштады
Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова тамаша салып, саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Эркин Чечейбаевдин атын өзгөртүүнү сунуштады.
Ал Чечейбаев кызматта бекем болуп, эл үчүн туруп иштеп берсе дейт.
"Ишиңизге ийгилик каалайлы. Жакшы министр болуп бериңиз эми. Атыңызды алмаштырат окшойбуз. Турсунбек коёбузбу, же Турдубек коёбузбу? Эми ушул жерде отуруп, жылбай, реформаларды жасап, эл үчүн жакшы кызмат кылып бериңиз", - деди Султанбекова.
Жыйынтыгында анын талапкерлигин депутаттар жактырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

