super.kg logo

Журналистти "УКМКнын кызматкерибиз" деп, 825 миң сомго алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды 

 

Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 17-октябрда Свердлов РИИБине М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу белгисиз адамдар телефон аркылуу өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 миң сом акчасын котортуп алгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул жылдын январь айында Мээрим Ташыбекова шылуундарга алданганын айтып чыккан. Ал былтыр октябрь айында белгисиз номерден чалган адамдар өздөрүн укук коргоо органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишеничине кирип, эсебиндеги 100 миң сомун котортуп, ошондой эле 4 банктан 700 миң сом насыя алдыртып, жалпы 800 миң сомго алдап кеткенин билдирген. Ал милиция ыкчам иштебей жатканына нааразы болуп, мындан улам коомчулукка чыгууга аргасыз болгонун белгилеген.

УКМК телефон аркылуу өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып, шылуундук кылгандар боюнча билдирүү таратып, элди аларга алданбоого чакырган.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: