super.kg logo

Ошто интимдик кызмат көрсөтүүгө шектелип 16 кыз милицияга жеткирилди (фото)

 
Ош шаарында “Притон” аталышындагы рейд өтүп, 16 кыз милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Иш чаранын жүрүшүндө сойкулукка барышы мүмкүн болгон даректерде, мурда мындай иштер менен алектенген жарандардын үйлөрүндө милиция кызматкерлери болушуп, түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшкөн.
Мындай жарандарга батир берген ээлери менен дагы профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Интернет айдыңында сойкулукту жарнама жасоого аракет жасаган бир нече даректер текшерүүгө алынган.
"Анда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн 16 кыз алынып келинди. Алардын баары батирлерди жалдап, түрдүү даректерде убактылуу жашашкандар. Кардарларга интернет аркылуу байланышка чыгып турушкан. Алардын кол издери алынып, атайын тизмеге алынды. Укук бузуулар кодексинин 109-беренесине ылайык, 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 60 миң сомдук айып салынды", - деп билдиришти шаардык милициядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: