super.kg logo
  Саясат  

Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станциясын курмай болду

 

Бүгүн, 5-февралда, Пекин шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика чөйрөсүндө инвестициялык келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети менен “Shenzhen Energy Group Co., Ltd.” кытай компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган. Мындан тышкары аталган компания менен дагы бир инвестициялык келишим түзүлдү, ал кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын түзүүгө багытталган.

Бул келишимдер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы перспективаларды ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөөрү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: