super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Анда эмне талкууланды? 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастап, банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн америкалык консалтингдик компаниялар менен анын ичинде IT, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, авиация жана темир жол транспорту чөйрөлөрүндө кызматташууну стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Касымалиев эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн элчи Вигери менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди. Вигери өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын ырастады.

Жолугушуунун соңунда алар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: