Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү
Бүгүн, 6-февралда Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 685 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суунун агып келиши секундасына 183 куб метрди түзсө, сууну керектөө 807 куб метрди түзүүдө.
Айта кетсек, бир жыл мурда 6-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 971 миллион куб метрди түзгөн болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.