super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Пекиндеги университетте Чыңгыз Айтматовдун бюстун ачты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров Кытайдагы Пекин тил жана маданият университетинде залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Өлкө башчынын администрациясы билдиргендей, иш-чаранын алдында мамлекет башчысы университеттин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.

Пекин тил жана маданият университети, ар кандай маданияттардын жана идеялардын айкалышкан жери катары, мындай масштабдуу инсанды эскерүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара маданият мамлекеттерди жана элдерди бириктирип, тилдик, улуттук жана аймактык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн уникалдуу жөндөмгө ээ экендигин эскертип турат”, – деген Жапаров жазуучунун бюстун жасаган кытайлык скульпторго ыраазычылыгын билдирди.

Президент бул эмгек Айтматовдун идеяларын жана чыгармачылыгын изилдөөгө үндөп, жаш муундар үчүн илхам булагы болоруна ишенимин билдирди.

Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүк принциптерине таянып, ынак коңшусу жана ишенимдүү досу Кытай менен ар тараптуу кызматташууга умтуларын белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында расмий сапар менен жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: