Эртең менен Суусамырда өлүм менен коштолгон жол кырсыгы болду
Бишкек-Ош унаа жолунун 169-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, кырсык бүгүн, 6-февралда саат 08:00 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаасы менен Лексус 330 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан бир адам каза болгон, жаракат алгандар такталууда. Учурда жеринде Жайыл РИИБинин ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.