Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар келди
Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Бакыт Жиенбеков дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Бекболот Алиевдин ордуна келген. Тишелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы орун басарды эмгек жамаатына салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов тааныштырган.
Шыкмаматов Жиенбековдун салык системасы боюнча терең түшүнүгү бар экенин баса белгилеп, анын билими жана башкаруучулук жөндөмү салык чөйрөсүндө белгиленген реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берерине ишенимин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

