super.kg logo

Сот мурдагы министр Динара Кутманова менен анын уулуна өкүм чыгарды

 

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, райондук соттун 2025-жылдын 5-февралындагы өкүмү менен К.Д. (Кутманова Динара) Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискацияланып, 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ошондой эле Түркиядан алып келинген К.К. (Кутманов Кемелбек) Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү (Алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга жеке ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2023-жылы 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, 2023-жылдын март айында кызматынан бошотулган. Кутманова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.

Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: