“Алай” футболдук клубу “Алга” жана “Абдыш-Ата” клубдарынан 7 оюнчуну курамына кошуп алды

Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин 2013-жылдагы чемпиону “Алай” футболдук клубу “АФКнын кубогу- 2014” мелдешинин тандап алуу туруна даярдык көрүп жатат. Клуб акыркы учурда бишкектик “Алга” жана канттык “Абдыш-Ата” клубдарынан жалпысынан 7 оюнчуну курамына кошту. Бул тууралуу “Алайдын” кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, келишимге толук кол коюлуп, тиешелүү документтер бүткөнгө чейин футболчулардын ысымдары аталбайт. Белгилей кетсек, буга чейин “Абдыш-Атанын” чабуулчусу Ильдар Амировдун оштук клубга ижарага берилгени маалымдалган.
Эске салсак, “АФКнын кубогу-2014” мелдешинин тандап алуу турунда “Алай” өлкө чемпиону катары оюн көргөзөт. Анын атаандашы Палестинаны акыркы сезондогу чемпиону болмокчу. Эгер 2-февралда боло турган оюнда “Алай” жеңсе, анда мелдештин финалдык баскычына чыгат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

9:10
2025-07-21
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
neymar.kg

08.01.2014. 19:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Алай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.