Бишкекте кылмыштуу топту жетектеген чет элдик аял кармалды
Бишкек шаарында бир катар оор кылмыштарга шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн 55 жаштагы А.Г. аттуу чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал Польшадагы кылмыштуу топту жетектеген. Аталган топ Варшавада тоноо, опузалап талап кылуу, баңги жана психотроптук заттарды сатуу, жасалма акча жүгүртүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, алдамчылык менен алектенген.
ИИМ кармалган жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.