super.kg logo

"Тик учак менен тоодогу малга чөп ташыганбыз". Учкуч Ашимов жумушундагы кызыктарды айтып берди (видео)

 

SUPER.KG порталы кесип ээлери менен тааныштырууну улантат. Бул жолу учкучтардын жумушунун күнгөй-тескейи тууралуу айтып беребиз.

Балалык кыялын ишке ашырган учкуч Адималик Ашимов жумуш тажрыйбасында 5 миң саат учканын айтат.

"1-класска барганда СССР убагы болчу. Ал учурда ар бир экинчи окуучунун "космонавт болом" деген максаты бар эле. Алар сыяктуу мен деле учкуч болууну кыялдангам. Азыр ал орундалып, иштеп жүрөм, буюрса.

Убагында Бишкектеги Аскердик авиацияык окуу жайды бүткөм. Жумуш тажрыйбамда, жалпылап айтканда, 5 миң саат учкам", - дейт ал.

Ошондой эле Ашимов иш учурунда кызыктуу учурлар болорун айтып, 2014-жылы Алай районунда калың кар жаап, тик учак менен тоодогу малга чөп алып барганын эстеди.

Репортажды толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: