super.kg logo

Кыргызстанда колдонулган вакциналардын курамы ачык көрсөтүлөт

 

Кыргызстанда колдонулган вакциналардын курамы ачык көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЖМК өкүлдөрү үчүн уюштурулган тренингде №9 үй-бүлөлүк медицина борборундагы эне жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча бөлүмдүн директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда эмдөө үчүн колдонулган вакциналар Европа өлкөлөрүндө дагы колдонулуп келет.

“Көпчүлүк ата-энелер “вакцинанын курамын ачык айтпайсыңар” дешет. Эмдөө үчүн колдонулган вакциналардын курамы ачык эле көрсөтүлөт, курамында эмнелер бар экенин оңой эле тапсаңар болот. Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты Европада колдонулган вакциналардын сапаты менен бирдей. Вакциналардын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт. Дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат. Анын ичинде Ислам шариятына кирген өлкөлөр дагы бар, мисалы; Сауд Арабиясы, Түркия жана башкалар”, - деди Искакова.

Белгилей кетсек, аталган тренинг калк арасындагы эмдөөгө болгон ишенбөөчүлүктү жана арсардыкты жоюуга, ошондой эле калктын ден соолугу үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө арналган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: