super.kg logo

"Акмак болсоңуз, кайрылбайт болчумун". Илим Карыпбеков актёр Аскат Сулаймановго кайрылды

 

КТРКнын мурдагы директору, жарандык активист, блогер Илим Карыпбеков белгилүү актёр Аскат Сулаймановдун өлкөдөгү чала блогерлерди сындаганына жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Карыпбеков Сулайманов менен бирге эл ичиндеги активдүү жарандарга да кайрыларын белгилеген.

Сиз "мен ошол блогерлерди тааныйм, бирок атын айтпайм" деп жатасыз. Биринчиден, алардын атын айткыңыз келбесе, анда чыгарып эмне кыласыз? Себеби анын терс кесепети дагы бар да. Сиз аларды оңдоюн деп чыгарып жатсаңыз, анда аты-жөнүн айтыңыз. Эгерде так маалыматыңыз жок болсо, анда тактап туруп чыгарыңыз. А эгерде так билбесеңиз, божомолдоп чыгарбаңыз да. Себеп дегенде бир тыйын албай элге жардам берип жүргөн башка блогерлер бар. Анан элде блогерлердин баары акча алып жаткан турбайбы деген ой пайда болот да.

Сиз кайрылууңуз менен ошол ак ниети менен иштеп жаткан блогерлерге дагы шек келтирип жатасыз да. Элдин көбү булар ушинтип акча табат экен деп ойлоп калат. Элдин баарына бул жакшы, бул жаман блогер деп түшүндүрүп айтып бере албайсың. Аты-жөнүн так айтпасаңыз анда эмне максатта айттыңыз, хайп үчүнбү?

Сиз акыл-эстүүсүз да, Аскат мырза. Мен сизди абдан сыйлап, жакшы көрөм. Сиз акыл-эстүү болбосоңуз же мен жакшы көрбөгөн акмак болсоңуз, кайрылбайт болчумун. Сизди акыл-эстүү адам катары кайрылып, сиздин кайрылууңуздун кесепетин айтып жатам. Же атын айтыңыз, биз ошол ооруп жаткан баладан акча тапкан акмактардын жүзүн көрөлү, же тактай албай жатсаңыз кайрылууңузду алып коюңуз", - деди Карыпбеков.

Эске салсак, кечээ актёр Аскат Сулайманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү чала блогерлерге ачуусу келгенин айткан. Актёрдун айтымында, таанышы блогерлерге кайрылса алар чогулган сумманын 25 пайызын берүү талабын койгон.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2025. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоосуна нааразы болгон келиндердин каттарын окуй берип өзүң дагы майдаланып кетипсиң, эркек бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: