super.kg logo

"Элдин акчасын кайтарып бере албайбыз". MCN coin криптоактивин уюштуруучулардын бири кармалды (видео)

 

Өлкөдө MCN Coin криптоактивинин уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Улуттук телеканал кабарлап, анын колдору кишенделген видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, сурак берүүдө.

"Рыскул Болотбеков, Бекмат уулу Мухтар жана бизге кеңеш берип жүргөн Руслан Тойчубеков дегендер болуп ачканбыз. Жети облусту түрө кыдырып мыйзамсыз иштедик. Финкөзөмөл беш жолу каттоодон өткөзбөй койгон. Элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Бардык промоушндарды калп айтып, уюштурганбыз. Мунун баары алдамчылык болчу. Баарынан кечирим сурайм.

Буга чейин туруктуу жумушум болгон эмес. Ар нерсе алып-сатып иштеп жүргөм. MCN Coin менен иштегениме бир жарым жыл болду. Анын өзүнүн блокчейни жок. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн иштегенбиз. Тапкан пайдама мен Лексус 570 үлгүсүндөгү унаа, көп кабаттуу элиталык батирден үй алдым. Жалпы эки жарым миллиондой пайда көрдүк", - деген Субанбеков.

УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.






Видео: Ала-Тоо 24

Видео: Ала-Тоо 24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: