super.kg logo

Азербайжан учак кырсыгы боюнча Орусияны сотко берет

 

Азербайжан Казкстандын Актау шаарында AZAL Embraer E190 учагынын кыйрашына байланыштуу Орусияны эл аралык сотко бермекчи. Бул тууралуу Azeri-Press агенттиги (APA) жазды.

"Азери-Пресс" агенттиги Баку "Азербайжан аба жолдорунун" учагы боюнча эл аралык сотко кайрылуу үчүн далилдерди чогултуп жатканын кабарлады.

"Азербайжандын шарттары жана эмнени каалап жатканы ачык жана эң жогорку деңгээлде айтылды. Москва күнөөсүн моюнуна алып, жоопкерчиликти өзүнө алышы керек. Болбосо Баку мындан аркы кадамдарга барууга даяр", - деп жазат агенттик.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиядан кечирим суроону бир нече жолу талап кылып, Кремлди “маселени жаап салууга” аракет кылып жатат деп айыптаган. Орус президенти Владимир Путин 29-декабрда Алиевге телефон чалып, бирок окуянын Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн гана кечирим сураган.

Azeri-Press белгилегендей, учак Грозныйдын жанындагы Ханкала кыштагындагы аскерий базанын аймагынан атылган.

"Азербайжан бийлигинде буйрук берген жана ок чыгарган адамдар, ошондой эле куралдын түрү тууралуу маалыматтар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Шейшембиде Казакстандын Транспорт министрлиги кырсыкты иликтөө боюнча алдын ала отчётун жарыялады, анда учак абада "сырткы таасирлерден" зыянга учураганын көрсөткөн.

Рейтер агенттиги Бакунун маалыматына караганда, учак орусиялык Pantsir-S абадан коргонуу системасы тарабынан атылганын жазган. Агенттиктин булагы белгилегендей, азербайжан тарапта ракетанын сыныгы бар, ал учактын сыныктарынан алынып, эл аралык экспертизанын жүрүшүндө аныкталган.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.

Учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык: Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов 30-декабрга караган түнү Казакстандан Бишкекке алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: