super.kg logo
  Саясат  

Эрбол Султанбаев Беларуста токой чарба боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун бир катар токой чарба ишканаларына барып, эки тараптуу мүмкүн болгон кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Анда элчиге үрөндөрдү даярдоо жана селекциялоо, токой үчүн көчөттөрдү өстүрүү жана декоративдик чарба жүргүзүү боюнча алдынкы технологиялар тааныштырылды.

Ошондой эле Беларустун Токой чарба министрлигинин Кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун жетекчилиги менен окуу борборунун базасында токой чарбасы боюнча кыргызстандык адистерди окутуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары экологиялык таза отун гранулдарын (пеллеттердин) чыгаруу менен алектенген “Борисов эксперименталдык токой чарбасы” мамлекеттик эксперименталдык мекемесинде болду. Элчи Султанбаев кыргызстандык керектөөчүлөрдү көмүр отунуна альтернатива катары Борисов токой чарба продукцияларын жеткирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: