super.kg logo
  Спорт  

Легендарлуу футболчу 36 жашында карьерасын жыйынтыктады

 

"Реал Мадриддеги" оюну менен таанылган бразилиялык коргоочу Марсело карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"18 жашымда "Реал Мадрид" эшигимди кагып, анан бул клубга келдим. Эми мен чыныгы мадриддик футболчу болгонумду сыймыктануу менен айта алам. Бул жерде жубайым экөөбүз үй-бүлө курдук. 16 сезон, 25 кубок, 5 Чемпиондор Лигасынын жеңиши, алардын бири капитан катары. Ошондой эле Бернабеудагы көптөгөн унутулгус кечтер. Кандай укмуштуу! Менин футболчу катары сапарым бүттү, бирок мен футболго жардам бере берем", - деп жазды Марсело.

2022-жылы "Реал Мадридден" кеткенден кийин Марсело Грециянын "Олимпиакос" клубунда бир сезон ойноп, андан кийин дагы бир жыл мекенинде "Флуминенсе" клубунда ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: