Чет өлкөдө төрөлгөн кыргызстандыктарга "балага сүйүнчү" берилеби? Адис жооп берди
Чет өлкөнүн аймагында төрөлгөн кыргызстандыкка "балага сүйүнчү" жөлөкпулу берилет. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн башкы адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, жөлөкпулду алуу үчүн баланын ата-энеси 6 айдын ичинде арыз менен кайрылуусу керек. Адис бериле турган сумманын өлчөмү 4 миң сом экенин, ал эми үч эмден баштап ар бирине 50 миң сомдон төлөнөрүн белгиледи.
"Бирок бул өлкө аймагында туруктуу жашап, чет жактан көз жаргандарга берилет. Тилекке каршы, чет мамлекеттин аймагында көп жылдан бери жашап, ошол жакта көз жаргандар ала албайт", - деди Мелисбек кызы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.