super.kg logo

Балдарды эмдөөдөн өткөрүү аутизм оорусуна алып келеби? Адис жооп берет

 

“Балдарды эмдөөдөн өткөрүү аутизм оорусуна алып келеби?” деген коомчулуктагы ар кандай ойлорго бүгүн, 7-февралда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЖМК өкүлдөрү үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча уюштурулган тренингде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана медициналык жардам көрсөтүү борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Айжаркын Эгембердиева жооп берди.

Иш-чарада дарыгерлер журналисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен вакцина алуунун маанилүүлүгүнө жана эмдөө менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экендигин айтты.

“Эмдөөлөр, анын ичинде кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы вакциналар аутизмге алып келбейт. Бул тыянакты изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тастыктап турат. Ал эми аутизм оорусу ген аркылуу берилет. Ал бала вакцина албаган учурда дагы дарты ачыкка чыгат. Ошондой эле эне боюнда бар кезинде туура тамактанбаса, жетиштүү витаминдерди албаса балада аутизм, балдардын мээсинин шал оорусуна (ДЦП) алып келиши мүмкүн”, - деди Эгембердиева.

Ошондой эле ал Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөөгө каршы эмес экендигине токтолуп өттү.

“Биздин муфтият эмдөөгө эч качан каршы чыккан эмес. Дин өкүлдөрү ар дайым вакцинаны колдоп келишет”, - дейт Эгембердиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: