super.kg logo

Эрдоган: "Биз жаңы Түркияны курабыз"

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы "Адилеттик" партиясынын курултайында жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда 252 миң турак жай жана коммерциялык имараттардын курулушу аяктаганын билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин курулган объектилердин жалпы саны 453 миңге жетет. Курултайдын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган 2028-жылдан кийин өлкөдө масштабдуу жаңылануу башталаарын билдирди.

"Биз жаңы Стамбулду жана жаңы Түркияны курабыз", - деген Эрдоган негизги көңүл инфраструктураны модернизациялоого, транспортту өнүктүрүүгө жана турак жай фондун жаңылоого буруларын белгиледи.

Ошондой эле ал жаратылыш кырсыктарынан каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп кала берерин кошумчалады.

2023- жылдын 6-февралында Кахраманмараш облусунда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр Түркияда гана эмес, Сирия баш болгон коңшу өлкөлөрдө да кыйроолорго жана жоготууларга алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: