super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Кытайдагы сапары аяктап, Бишкекке келди (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытайга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Пекинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Андан соң Элдик жыйындар үйүндө Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Анын жыйынтыгында баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ошондой эле кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Аны менен катар Садыр Жапаров бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулашты.

Өлкө башчы Кытайга жасаган мамлекеттик сапардын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылыш аземине да катышты.

7-февралда Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алууга жана 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Президент Жапаров 7-февралда иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: