super.kg logo

Түрк маданияты жана мурасы фондунун кеңешинин экинчи жыйыны Астанада өттү

 

Кечээ, 7-февралда Астана шаарында Казакстандын төрагалыгы алдында Түрк маданияты жана мурасы фондунун кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери катышты. Фонддун президенти Актоты Райымкулова жыйындын катышуучуларына "Түрк дүйнөсү визиону – 2040" документинин жана TURKTIME демилгесинин жетекчилиги астында түрк маданий мурастарын коргоо, өнүктүрүү жана дүйнөлүк аренага жеткирүү жаатындагы уюмдун стратегиялык багыттары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле фонддун 2024-жылга карата ишмердүүлүгү боюнча кеңири отчёт берип, 2025-2026-жылдарга карата иш планы менен тааныштырды. Жыйындын жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү протоколдорго кол коюшту, анын ичинде фонддун 2024-жылга карата ишмердүүлүгүнө жогорку баа берүү менен уюмдун 2025-2026-жылдарга иш пландарын бекитишти.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгы түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, маданий мурастарды сактоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтөт жана Түрк дүйнөсүнүн алкагындагы эл аралык долбоорлорго жаңы дем берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: