super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов ханзаада Карим Ага Ханды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 8-февралда Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы Карим Ага Хан IV менен коштошуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (AKDN) башчысын акыркы сапарга узатуу зыйынаты Португалиянын Лиссабон шаарындагы Исмаилит борборунда өттү.

Байсалов Кыргызстандын президентинин жана элинин атынан көңүл айтып, ханзаада Ага Хандын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө исмаилит жамаатынын жаңы руханий лидери ханзаада Рахим Ага Хан менен жолугушуу болуп, ал президент Садыр Жапаровго көңүл айтканы үчүн жеке ыраазычылык билдирди.

"Ошондой эле ханыша Захра Ага Хан жана маркумдун башка үй-бүлө мүчөлөрү менен жылуу баарлашуулар болуп, алар Кыргызстанга чын жүрөктөн сый-урмат жана тилектештигин билдирип, салттуу достук мамилелерди жана мындан аркы кызматташуунун келечегин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Португалиянын президенти Марсело Ребело де Соуса баш болгон 300дөн ашык коноктор, ошондой эле бир нече дипломатиялык делегациялар катышты.

Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы Карим Ага-Хан IV кечээ, 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: