super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуунун тартибин бекитти

 

Министрлер кабинети Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.Бул токтом Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.

Кабыл алынган токтом объекттерге, продукцияларга, азык-түлүк чийки затына, кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилейт жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чыгарган актыларды жана алар тарабынан өз компетенциясынын чегинде көрүлүүчү чараларды аныктайт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу кирсеңиздер болот.

Тиркеме.docx






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: