Бишкек менен Чүйдө бир түндө 37 мас айдоочу кармалды (видео)
Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас айдоочу аныкталды, алардын ичинде айым айдоочулар да бар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко өткөрүүгө даярдалууда.
ЖКККБ рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланаарын эскертет. Рейд учурунда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма мамлекеттик номур тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейдге массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болуу иретинде коомчулукка ачык көрсөтүлөт.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.