super.kg logo

Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер 13-мартка чейин абакта калтырылды

 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ, 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.

Маалыматка караганда, райондук сот үчөөнүн абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.

Жактоочулары бул процесс алдын ала белгиленбегенин, адвокаттарга процесске бир саат калганда гана кабар берилгенин билдирген. Сот азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, анын абалы начарлап баратканын айтып, үй камагына бошотууну суранышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: