Кара-Балтада аял киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылды (сүрөт)




Бүгүн, 9-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге эки кабаттуу турак үйдүн чатырынан аял киши секирем деп, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аялды аман-эсен куткарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.