Түркиянын тышкы иштер министри Трамптын планын сынга алды
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Palestine TV телеканалына берген маегинде Газадан палестиналыктарды көчүрүү идеясын кабыл алынгыс деп атаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Палестиналыктардын депортацияланышы кабыл алынгыс. Мындай сунуштарга олуттуу мамиле кылуу керек деп эсептебейбиз. Бул тарыхты билбестик жана туура эмес түшүнүү дегенди билдирет", - деген ал.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги тургундарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү керектигин айткан. Анда ал согуш анклавды кыйратканын, ал жерде жашоо мүмкүн эмес экенин белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.