super.kg logo

Дональд Трамп Канаданы "жашоого ыңгайсыз өлкө" деп атады 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Канаданы коргонууга жетиштүү каражат бөлбөй жатат деп сынга алып, аны "жашоого ыңгайсыз" өлкө деп баалады. Бул тууралуу орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.

"Канада туруксуз өлкө, себеби алар коргонууга аз акча сарпташат. Анткени аларга дайыма АКШ кам көрөт", - деген президент өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Трамп буга чейин Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштаган. Анын айтымында, канадалыктардын көбү өлкөсү АКШнын 51-штаты болуусун колдойт. Ал мындай идеясын өткөн жылдын декабрь айында да 2 жолу көтөргөн эле. Жыл башында жаңы лидер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Канаданын аймагы АКШнын курамына бириктирилгенин көрсөткөн картаны дагы жарыялап жетишкен.

Бирок андан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Канаданын өкмөтү менен ал өлкөнү Кошмо Штаттарга 51-штат катары кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын айткан.

Ошондой эле Трамп Канада, Мексика жана Кытай мамлекеттеринен импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгон. Анда Мексика менен Канададан келген товарларга 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 10 пайыздык бажы салыгы киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: