super.kg logo
  Саясат  

"Каныңды ичебиз!" Балбак Түлөбаев Суу ресурстары кызматынын директоруна эскертүү кылды

 

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев апта сайын эл менен жолугушууга барганда сугат суу маселеси көтөрүлүп жатканын айтты.

Жыйында "Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткан.

"Сокеев (ред. суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору) эми сенин башыңды оорутабыз. Биз күндө сенин каныңды ичебиз, түнү менен", - деди ал.

Ошондой эле Түлөбаев мыйзам боюнча келгендердин даярдыгын сынга алды.

"Келгенде даярданып келбейсиңерби. Өкмөт же министрлериңер келип жооп бере албайт, же орун басарлары жооп бере албайт. Баарыңар телефон карап отурасыңар, суроону 2-3 жолудан кайталатып. Мындан кийин аппарат, телефон менен киргизбегиле. Анан "кайра кайталап коёсузбу, укпай калдым" дейсиңер. Суу кодексин алып келгенден кийин бардыгын карап чыккыла да. Мөңгүлөрдү, каналдарды, көлдөрдү. Башыбызды оорутуп силерди 30-40тан чогултуп алып биз эмне кылабыз?!" - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: