super.kg logo

Пуэрто-Рикодо эки кыргызстандык кармалды

 

Пуэрто-Рико аймагында эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 10-февралда билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, алар АКШнын иммиграциялык мыйзамдарын бузган деген шек менен кармалып, Флорида штатындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Кыргызстандын АКШдагы элчилиги эки кыргыз жаранынын кармалышы боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөдөн 1 миллион 440 миң адамды депортациялоону пландаштырып жатканы кабарланган. Экинчи мөөнөтүнүн биринчи күнүндө Трамп мыйзамсыз иммиграцияны улуттук өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал аскерлерге чек араны бекемдөөгө жардам берүүнү буйруду жана жаңы башпаанек сурамдарына тыюу салуу, АКШда төрөлгөн мигранттардын балдары үчүн жарандык эрежелерди катаалдаштыруу боюнча буйруктарга кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: