super.kg logo

MCN Coin'ге алданган 900гө жакын адамдын акчасы кайтарылып берилди (видео)

 

MCN Coin криптоактивине акчасын алдатып жиберген 898 адамга 1 миллион 700 миң доллардан ашык акча каражаты кайтарылып берилди. Бул тууралуу ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тергөө иштеринин натыйжасында 900гө жакын жаранга акча каражаты кайтарылып берилген.

"Ички иштер министрлиги тарабынан, өткөн жылдын 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп, Бишкек шаарынын эки районунда иш каралып жатат. Азыркы тапта 898 адамга 1 миллион 700 миң доллардан ашык акча каражаты кайтарылды. Алданып калган жарандар бизге арыз менен кайрылса болот", - деди.

Ошондой эле Данияр Закиров жарандардын акча каражатын алдап кеткен криптоактивдерди жарнама кылган белгилүү адамдар мыйзам чегинде жооп бере турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, коомчулукта MCN Coin криптоактиви тууралуу кырдаал уюштуруучулардын бири адамдар аларга алданганын айтып чыккандан баштап талкуу жаратууда.

5-февралда УКМК кызматкерлери бир нече адамды кармашкан. Шектүүлөрдүн бири Дубайга учууга аракет кылып жатканда кармалган.

Буга чейин MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири И.С. аттуу жаран уюштуруучулар 2,5 миллион доллардай каражат тапканын, бирок акчаны жарандарга кайтарып бере албай тургандыктарын билдирген.






MCN Coin криптоактивине алданган 900гө жакын адамга акчасы кайтарылды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: