Бишкекке кошулган дагы бир аймакта жарыктандыруу жаңыланды




Административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнө жаңы кошулган Лермонтов менен Гаражный көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жаңыланган тилкенин узундугу 3 чакырымды түзөт. Иштин алкагында чырактар алмаштырылып, кабелдин үзүлүшү оңдолду, ошондой эле жарык берүүчү тирөөчтөр түздөлүп, тегизделди.
Мындан ары бул участок расмий түрдө "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тарабынан тейлене тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.