super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкери 23 жаштагы кызды мейманканада зордуктоого шектелүүдө

 

Милициянын лейтенанты зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 6-февралда милицияга 23 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 5-февралда болжол менен саат 19:30 чамасында Сары-Өзөн көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринен белгисиз адам коркутуп, эркине каршы зордуктаганын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шаардык милиция бул ишке укук коргоо органынын тийиштиги бар экендигин тактоо үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги менен бирге иш алып барган. Натыйжада шектүү катары Октябрь РИИБинин К.У. аттуу кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: