super.kg logo

Казакстан ишкерлер, аралыкта иштеген санариптик көчмөндөр жана дипломдуу адистер үчүн жаңы визаларды киргизет

 

Казакстан квалификациялуу адистерди, ишкерлерди жана чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга багытталган үч жаңы виза категориясын киргизип, өлкөнүн дүйнөлүк таланттар жана инновациялар үчүн хаб катары позициясын бекемдөөдө.

Анын алкагында Казакстанда карьералык өсүү, бизнести кеңейтүү же аралыктан иштөө болобу, узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдү издегендер үчүн ыңгайлуу жана так жолдорду сунуштап, Neo Nomad Visa (B12-1), Digital Nomad Visa (B9-1), Visa for Permanent Residence (B9) багытын киргизүүдө.

Алар кандай?

Neo Nomad (B12-1) визасы Казакстанда жашап, чет элдик кирешесин сактап, алыстан иштөөнү каалаган кесипкөйлөр жана заманбап ишкерлер үчүн атайын иштелип чыккан.

  • Neo Nomad Visa – бир жылга чейин жарактуу көп жолку виза.
  • Виза ээлери Казакстанда болуу мөөнөтүн дагы бир жылга узарта алышат.
  • Үй-бүлө мүчөлөрү жана анын багуусундагылар ошол эле мөөнөткө виза ала алышат (жумуш жана диний ишмердүүлүк Казакстандын мыйзамдары менен чектелген).

Digital Nomad Visa (B9-1) – туруктуу жашоо үчүн Казакстанга көчүп келе жаткан маалымат технологиялар менен алектеген адистер үчүн иштелип чыккан. Казакстандын эмгек чөйрөсүнө аралашып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Digital Nomad визасын алуу үчүн Astana Hub же Казакстандын IT тармагындагы ыйгарым укуктуу органынын арызы менен кайрылуу керек болот.

Visa for Permanent Residence (B9) – визасы медицина, илим, инновация, билим берүү жана чыгармачыл индустрия сыяктуу чөйрөлөрдө дипломдору бар чет элдик адистер үчүн иштелип чыккан. Бул аларга Казакстанда узак мөөнөткө отурукташууга мүмкүндүк берет.

  • 90 күнгө чейин жарактуу бир жолку визалар.
  • Жылына бир жолу берилүүчү 90 күнгө чейин жарактуу көп жолку визалар.

Бул виза менен Казакстанга келген дипломдуу адистер туруктуулукту жана жергиликтүү эмгек рыногуна интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жашоого уруксат ала алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: