super.kg logo

Кабул Өзбекстан АКШга өткөрүп берген тик учактарын кайтарып алууну көздөөдө

 

Ооганстандын Коргоо министрлиги 2021-жылдын августунда Кабулдан Өзбекстанга афган учкучтары эвакуацияланган жети тик учактын АКШга берилишине каршы чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, министрлик тик учактар ​​Ооганстанга таандык экенин белгилеген. Ошондой эле алар мурунку бийлик кулаган учурда барымтага алынып, өлкөдөн чыгарылып кеткендигин кошумчалаган.

"Бул учактар 2021-жылдын августунда “Талибандар” Ооганстанда өз бийлигин орното баштаганда Өзбекстан менен Тажикстанга эвакуациялоо үчүн колдонгон учактардын бир бөлүгү. Учурунда тик учактар Вашингтон тарабынан ооган армиясына өткөрүлүп берилген. Пентагондун маалыматы боюнча, барымтага алынган учактардын 46сы Өзбекстанга, 18и Тажикстанга учуп келген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев учактарды Америка бийлигине кайтарып берүү боюнча айтып, анын чыгымы АКШ өкмөтү тарабынан төлөнгөндүгүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: