super.kg logo

Румыниянын президенти парламент импичмент жарыялай электе кете тургандыгын айтты

 

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 12-февралда отставкага кете тургандыгын айтты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, оппозиция үчүнчү аракети менен президентке импичмент жарыялоо маселесин парламентке киргизүүгө жетишкен.

“Бир нече күндөн кийин Румыниянын парламенти мени кызматтан кетирүү үчүн добуш бериши мүмкүн, бул кризиске алып келет. Бул ички жана эл аралык деңгээлде таасирин тийгизет.

Терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн мен президенттик кызматтан кетүүнү чечтим”, - деп белгиледи ал.

Айта кетсек, Клаус Йоханнистин президенттик ыйгарым укуктары 2024-жылдын 21-декабрында аяктаган, бирок ага чейин, 6-декабрда Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайрадан президенттик шайлоо 2025-жылдын май айынын башына белгиленген. Ошол эле учурда Румыниянын Жогорку Соту жаңы президент шайланганга чейин Йоханнис өз кызматында калышы керек деген чечим чыгарган.

Шайлоонун жокко чыгышын атайын кызмат Орусиянын аралашкандыгы менен байланыштырып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: